Бишкекте дем алыш күндөрү жана кечки убакта жеке унааларга автобус тилкелери менен жүрө алышат

07.10.2026 | 10:23
Бишкекте дем алыш күндөрү жана кечки убактарда жеке унаалар автобус тилкелеринде жүрө алышат — Новости Кыргызстана

Бишкек шаарында иш күндөрү саат 08:00дөн 20:00гө чейин коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн атайын тилкелер менен жеке унаалардын жүрүшүнө тыюу салынат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы эскертти.

Аталган убакыт аралыгында жүргүнчүлөрдү отургузуу жана түшүрүү үчүн гана кыска мөөнөткө токтоого уруксат берилет. Ал эми кечки саат 20:00дөн эртең мененки 08:00гө чейин, ошондой эле ишемби жана жекшемби күндөрү жеке автоунаалар бул тилкелер менен жүрө алышат.

Учурда коомдук транспорт үчүн атайын тилкелер Жибек Жолу, Ахунбаев, Курманжан Датка көчөлөрүндө жана Ч. Айтматов проспектисинде бөлүнгөн.

Башкармалык белгиленген талаптар бузулган учурда жол тескөөчүлөр тарабынан протокол түзүлөрүн же эреже бузуу фактылары «Коопсуз шаар» камералары аркылуу катталарын билдирди.

Scroll to Top