Ош шаарында борбор азиялык сүрөтчүлөрдүн «Jai Jai» көргөзмөсү өтөт

8–22-октябрда Ош шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн сүрөтчүлөрүнүн «Jai Jai» искусство көргөзмөсү өтөт. Көргөзмөнүн ачылышы 8-октябрда саат 14:00дө болот. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Экспозицияда Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын сүрөтчүлөрүнүн фото, живопись, текстиль, керамика, инсталляция жана видео форматындагы эмгектери сунушталат.
Көргөзмө Ош шаарындагы беш жайда уюштурулат: Тургунбай Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейинде, Токтогул Сатылганов атындагы Ош облустук китепканасында, Brio кофейнясында, «Сузак» чайканасында жана сүрөтчүлөрдүн өнөрканаларында. Программанын алкагында 8–10-октябрь күндөрү талкуулар, экскурсиялар, воркшоптор жана поэзия кечеси өтөт.
Долбоор «Аманат-Өмүр» коомдук фонду жана Тургунбай Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейи тарабынан Швейцария Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.