«Жаштык Аренада» КРСУнун тарыхындагы эң масштабдуу бүтүрүү кечеси өтөт

25-июлда «Жаштык Аренада» Кыргыз-Орус Славян университетинин бүтүрүүчүлөрүнө диплом тапшыруу салтанаты болот. ЖОЖдун 33 жылдык тарыхында биринчи жолу бүтүрүү кечеси бүтүрүүчүлөрдүн, алардын ата-энелеринин, окутуучулардын, Кыргызстан менен Орусиянын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн, университеттин өнөктөштөрүнүн жана ардактуу коноктордун башын бириктирген бирдиктүү жалпы университеттик иш-чара форматында өтөт.
Быйылкы жылы 1 128 бүтүрүүчү диплом алат: анын ичинен 1 068и университеттин, ал эми 60ы КРСУнун Колледжинин бүтүрүүчүлөрү. Билим берүү тууралуу документтер бакалавриат, специалитет, магистратура, ординатура жана орто кесиптик билим берүү программаларынын бүтүрүүчүлөрүнө тапшырылат. Ошондой эле майрамдык салтанатка КРСУнун мектебинин бүтүрүүчүлөрү да катышат.
Университет иштеген 33 жыл ичинде 40 миңге жакын адис даярдады, алар бүгүнкү күндө мамлекеттик бийлик органдарында, саламаттыкты сактоо, билим берүү, илим, өнөр жай, экономика, маданият тармактарында жана эл аралык уюмдарда эмгектенип жатышат.
Аземдин алкагында эң мыкты бүтүрүүчүлөргө артыкчылык дипломдору тапшырылат, ал эми окууда, илимде, коомдук иштерде, спортто жана чыгармачылыкта өзгөчөлөнгөн студенттер университеттин өнөктөштөрүнүн сыйлыктары менен белгиленишет.
Бүтүрүү кечесинин программасы КРСУнун жетекчилигинин жана ардактуу коноктордун катышуусундагы расмий аземди, чыгармачыл жамааттардын өнөрлөрүн, ошондой эле Кыргызстан менен Орусиянын белгилүү артисттеринин катышуусундагы концертти камтыйт.
Иш-чаранын негизги окуяларынын бири — КРСУнун Бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын түзүлгөндүгүн жарыялоо болмокчу. Бул ассоциация ар кайсы жылдардагы бүтүрүүчүлөрдүн башын бириктирип, кесипкөй баарлашуунун, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жана университет менен байланышты чыңдоонун аянтчасына айланат.