Көчөдө эркек кишини сабаган деп шектелген жаран Бишкекте кармалды

18.07.2026 | 20:29
Көчөдө эркек кишини сабаган деп шектелген жаран Бишкекте кармалды — Новости Кыргызстана

Эркек кишини сабоого шектелген жаран милиция кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Октябрь РИИБдин Тергөө кызматына шаар тургуну арыз менен кайрылып, 17-июль күнү 7-Апрель көчөсүндө белгисиз адам аны сабап, денесине залал келтиргенин билдирген.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси («Ээнбаштык») менен кылмыш иши козголду. Жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери шектүүнүн өздүгүн аныкташкан. Ал 1967-жылы туулган жаран экени белгилүү болду. Ал кармалып, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесинин негизинде Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Октябрь РИИБи коомдук тартипти бузуу, ээнбаштык жана милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө үчүн мыйзамга ылайык жоопкерчилик каралганын, анын ичинде беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы колдонулушу мүмкүн экенин эскертти.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Scroll to Top