Кырчынга жеке унаа менен кирүүгө тыюу салынды: бекер автобустар каттайтПутин ШКУну өнүктүрүүнүн негизги багыттарын атады — сүйлөгөн сөзүнүн негизги учурларыЧолпон-Атада «Көчмөндөр жаңырыгы» эл аралык этно-ыр фестивалы өтөтКыргызстанда ШКУ чокусу пайда болот — Садыр Жапаров жарлыкка кол койдуМаматалиев кыргызстандыктарды Билим күнү менен куттуктадыТегеран Ларк аралына АКШнын соккусунан кийин БУУнун Коопсуздук Кеңешине кайрылды
Жазуучу Олжобай Шакирди УКМКга суракка алып кетишти
23.08.2023 | 21:03
Жазуучу жана публицист Олжобай Шакирди суракка алуу үчүн УКМКга алып кетишти. Бул тууралуу «Кылым шамы» укук коргоо борборунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова билдирди.
Анын айтымында, Олжобай Шакир азыр УКМКнын борбордук аппаратында. Суракка чакыруунун чоо-жайы айтылган жок.
Белгилей кетсек, буга чейин Олжобай Шакир жарандарды митингге чыгууга чакырган. Ал 31-августта нааразылык акциясын уюштурууну көздөгөн. Ал социалдык тармактарда Ысык-Көлдөгү төрт пансионатты Өзбекстанга өткөрүүгө каршы экенин билдирген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар