ЖЭБдеги Өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу иштери аяктады

ЖЭБдеги Өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу иштери аяктады

Бишкек Жылуулук электр борборундагы штаттык эмес кырдаалдын кесепеттерин жоюуда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн  тиешелүү иштер бүгүн толугу менен аягына чыгарылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 2-февралдан тарта ӨКМдин кызматкерлери ЖЭБнин ичиндеги жарылуудан аккан сууларды мотомпомпа менен сордуруу, курулуш кадыктарын тазалоо жана имаратын жылуулоо, чатырын жабуу ишине көмөктөшүштү.

Мындан сырткары ЖЭБдин өрт чыккан аймагында адистер изилдөө иштерин жүргүзүп, Сыноо лабораториясы тарабынан өрттүн келип чыгуу себептери аныкталууда.

Белгилей кетсек, 2-9-февралда ЖЭБдеги штаттык эмес кырдаалдын кесепеттерин жоюуга ӨКМден жалпы күнүнө 120 куткаруучу, 24 техника тартылган. Жеринде иштеген жалпы кызматкерлерге коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча нускамалар жеткирилип, тамактануусу үчүн 10 чатыр жылынуу пункту катары тигилген. Ал эми ЖЭБдин аймагындагы өзгөчө кырдаал режими азырынча алына элек.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>