Эксклюзив

Энергетика министрлигинин жетекчиси кышында электр жарыгы өчүрүлөбү же жокпу, айтып берди

07.10.2026 | 16:34
Энергетика министрлигинин жетекчиси кышында электр жарыгы өчүрүлөбү же жокпу, айтып берди — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда алдыдагы күз-кыш мезгилинде электр энергиясын керектөөгө пландалган чектөөлөрдү киргизүү каралган жок. Бул тууралуу Reporter.kg басылмасына энергетика министри Алтынбек Рысбеков билдирди.

Анын айтымында, энергетикалык объектилердин кышка даярдыгы болжол менен 90%га аткарылды. Бардык пландалган иштер график боюнча жүрүп жатат жана октябрь айында толук аякташы керек.

«Күз-кыш мезгилине даярдык боюнча эч кандай маселе жок. Биздин карамагыбыздагы бардык компаниялар белгиленген иштерди аткарып жатышат», — деди министр.

Даярдык иштерине «Электр станциялары», «Кыргызстан улуттук электр тармагы», «Чакан ГЭС», «Кыргызкөмүр» жана тармактын башка ишканалары тартылган.

Ошол эле учурда Рысбеков өлкөдө электр энергиясынын тартыштыгы сакталып жатканын белгиледи. Жетишпеген көлөмдү Кыргызстан Өзбекстандан, Казакстандан, Түркмөнстандан жана Орусиядан импорттойт.

Министрдин айтымында, кеп болжол менен 4 миллиард киловатт-саат жөнүндө болуп жатат. Ал тиешелүү келишимдерге кол коюлганын жана электр энергиясын жеткирүүчү өлкөлөр макулдашууларга ылайык өз милдеттенмелерин аткарып жатышканын билдирди.

Рысбеков ошондой эле энергетикалык инфраструктуранын эскиришине көңүл бурду. Анын айтымында, жабдуулардын 70%дан ашыгы эскирген, ал эми техниканын бир бөлүгү белгиленген мөөнөтүнөн ашык пайдаланылууда.

«Штаттан тышкаркы кырдаалдар дайыма болот. Эң негизгиси — биздин адистер жана компаниялар аларды өз убагында жоюуга даяр», — деди ал.

Кышкы мезгилде энергетиктер күчөтүлгөн режимде иштешет. Министрдин айтымында, мүмкүн болгон аварияларды ыкчам жоюу үчүн зарыл бригадалар түзүлүп, техникалар жана тетиктер даярдалган.

Алдыдагы кышта Энергетика министрлиги пландалган чектөөлөрдү киргизүүнү көздөбөйт. Бирок кырдаал аба ырайынын шартына да көз каранды болот.

«Бизде электр энергиясынын тартыштыгы бар, бирок азыр биз аны импорттун эсебинен жабууга аракет кылып жатабыз. Эгер штаттан тышкаркы жагдайлар жаралса, кырдаалга жараша иш алып барабыз», — деп жыйынтыктады Рысбеков.

Эльвира Сатыбекова

Анара Мамытова

Scroll to Top