«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалдыЖККУ уюмдун Уставына кол коюлгандыгынын 24 жылдыгын белгилөөдөНарын шаарында 350 балага ылайыкталган оюн-зоок борбору курулууда
Токтогулда 27 жаштагы келин өз жанын кыйды. Милиция териштирүүдө
09.02.2024 | 19:15
Токтогул районунда 27 жаштагы келин өзү жашаган үйдүн сарайына асынып алган. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 6-февралда саат 20:30дар чамасында болгон.
Аталган факт Токтогул РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына каттоого алынып, текшерүү иштери башталган.
“Каза болгон келиндин өлүмүнүн себептерин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалып, бирок жакын туугандары сөөктү экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышкандыктан акт түзүлгөн”, – деп айтылат маалыматта.
Учурда келиндин эмне себептен өз өмүрүнө кол салгандыгынын себептерин аныктоо максатында ыкчам иштер жүргүзүлүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар