Кыргызстан менен Грузия «жашыл» долбоорлорду өнүктүрүүнү көздөөдө

Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Тбилиси шаарында Грузиянын Айлана-чөйрөнү коргоо жана айыл чарба министри Давид Сонгулашвили менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тараптар эки өлкөнүн тармактык ведомстволорунун ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, анын ичинде климаттык саясат жана «жашыл» инвестицияларды тартуу маселелерин талкуулашты.
Кыргыз тарап эл аралык климаттык каржылоого жеткиликтүүлүктү кеңейтүү жана климаттык долбоорлордун улуттук портфелин калыптандыруу боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу айтып берди.

Ошондой эле Кыргызстан «жашыл» инвестицияларды тартуу, эл аралык финансы институттарынын колдоосу менен долбоорлорду ишке ашыруу жана жашыл каржылоо механизмдерин өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин билдирди. Анын ичинде биргелешкен демилгелерди даярдоо маселеси да козголду.
Министрлер биоартүрдүүлүктү сактоого жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурушту. Жолугушууда белгиленгендей, Кыргызстанда дүйнөлүк флоранын дээрлик 2%ы жана фаунанын 3%дан ашыгы жайгашкан.

Кыргыз тарап өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын өнүктүрүү жаатында Грузия менен практикалык тажрыйба алмашууга кызыкдарлыгын билдирди.
Мындан тышкары, министрлер эл аралык жана аймактык климаттык демилгелердин алкагындагы кызматташтыкты талкуулашты. Тараптар климаттык саясат, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана туруктуулукту жогорулатуу маселелери боюнча үзгүлтүксүз диалогду улантууну макулдашышты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты кеңейтүүгө жана жаңы биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгууга даяр экендиктерин билдиришти.