Талант Мамытов сотто “75 иши” боюнча анын аты эмнеге аталганын түшүндүрдүКР Саламаттыкты сактоо министрлиги инсульттан кийинки реабилитациялоонун үзгүлтүксүз системасын киргизетӨКМ айрым аймактарда сел жүрүшү мүмкүн экенин эскерттиБишкекте жаңы көп функционалдуу спорттук аянтча ачылдыКРда мал экспорттоо үчүн заманбап карантиндик аймак курулатМарлен Маматалиев «75 иши» боюнча сот процессине комментарий берди
Жээнбек Кулубаев Оманга расмий сапар менен барат
11.02.2025 | 12:21
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 11-12-февралда Оманда расмий сапары менен болот. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Кулубаев Оманга өлкөнүн тышкы иштер министри Саид Албусаидинин чакыруусу менен барат.
Министрлердин жолугушуусунда Кыргыз-Оман кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, анын ичинде саясий алака, соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды өнүктүрүү, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагындагы кызматташтык талкууланат.
Ошондой эле Жээнбек Кулубаев Омандын жетекчилиги жана бир катар мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрөт.