Акыйкатчы институту: мамлекеттик сайттар майыптыгы бар адамдар үчүн ыңгайсызДепутат боксчу Омар Левазага убада кылынган батир боюнча маселени көтөрдүУКМК: баңги заттарды ташыган трансулуттук канал аныкталып, эки жаран кармалдыКелечектин лидерлери: «Росатом» Кыргызстандын жаштарына кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачат?Чүйдө жаранды 17 миң долларга алдоого шектелип эркек киши кармалдыБишкектин Арча-Бешик конушундагы №79 мектептин жаңы имаратынын курулушу аяктады
Жээнбек Кулубаев Оманга расмий сапар менен барат
11.02.2025 | 12:21
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 11-12-февралда Оманда расмий сапары менен болот. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Кулубаев Оманга өлкөнүн тышкы иштер министри Саид Албусаидинин чакыруусу менен барат.
Министрлердин жолугушуусунда Кыргыз-Оман кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, анын ичинде саясий алака, соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды өнүктүрүү, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагындагы кызматташтык талкууланат.
Ошондой эле Жээнбек Кулубаев Омандын жетекчилиги жана бир катар мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрөт.