Бишкек мэриясындагы кадрдык алмашуулар: Эки вице-мэр кызматтан бошотулдуШыкмаматов блогерлерди, креативдүү экономика өкүлдөрүн салыктан бошотуу чечимин түшүндүрдүАлтынбек Рысбеков Кыргызстандын энергетика министри болуп расмий дайындалдыАгартуу министрлиги заманбап бала бакчаларды жана мектептерди курууга чакыруудаБлогерлердин Reels видеосу 1000 доллардан турса да, алар салыктан бошотулатИлон Масктын триллиону: ал кыргыз шаурмасы менен эсептегенде канчалык көп экенин түшүндүрөбүз
Жээнбеков парламентке кайрылып, Жапаровдун маселесин кароону сунуш кылды
14.10.2020 | 09:32
Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жаңы шайланган спикери Канат Исаевге кат аркылуу кайрылып, Садыр Жапаровдун маселесин кароону сунуш кылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка бекетүү боюнча Жогорку Кеңештин чечимдери мыйзам сакталбай калгандыгына байланыштуу Президенттик Аппарат тарабынан парламентке кайтарылып берилгени айтылат.
Мамлекет башчысы бул маселени Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында белгиленген тартипте кароону сунуштайт.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат