Жеке компания жетекчиси пара менен кармалды
Жалал-Абад облусундагы Капиталдык курулуш дирекциясынын жооптуу кызматкерлери подрядчы уюм менен Сузак районунун Талаа-Булак айылындагы А.Матиев атындагы №76 орто мектептин курулушунда курулуш-монтаждоо иштеринин көлөмүнүн баасын жогорулатуу боюнча өз ара сүйлөшүп алышы мүмкүн болгон фактысы аныкталды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, “Юг-Спецавтоматика” ЖЧКнын аткарылган иштердин актылары менен аталган мектепти кабыл алуу документтеринде айырмачылыктар аныкталган. Аталган кылмыш иши боюнча аудитордук текшерүү дайындалып, алдын ала эсептөөлөр боюнча мамлекетке 4 миллион 912 миң 888 сом зыян келтирилгени аныкталган.
“Юг-Спецавтоматика” ЖЧКнын директору “К.Т.И.” УКМКнын кызматкерине бааларды макулдашуу маселесинде «оң жагына чечүү» үчүн 2000 АКШ доллары өлчөмүндө пара сунуштап, берип жаткан жеринен кармалды.
2021-жылдын 2-ноябрында “Юг-Спецавтоматика” ЖЧКсынын директору “К.Т.И.” жазык кодексинин 328-беренесинин 2-бөлүмү боюнча кылмышка шектүү делип, жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, Жалал-Абад облустук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Азыркы учурда тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат.
[image_carousel source=”media: 107185,107183,107182″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]