Ырчы Исмадияров жол эрежесин бузуп, айыпка жыгылды (ВИДЕО)

Ырчы Исмадияров жол эрежесин бузуп, айыпка жыгылды (ВИДЕО)

Ырчы Дайыр Исмадияров өзүнүн унаасын айдап бара жатып, алдына баласын өңөрүп алгандыгы үчүн 3 миң сом айып салынат. Бул туурасында Жол коопсуздугун сактоо башкы башкармалыгынан Reporter.kg′ге билдирди.

Маалыматка караганда,  бул көрүнүшкө жол эрежеси боюнча мыйзамда тыюу салат, бул видеодогу жарандын кыймыл аракетине мыйзам чегинде тийиштүү чаралар көрүлөт.

Бузуулар жөнүндө кодексинин 123-1 беренесинин 2-бөлүгүндө каралган, Жол кыймылынын эрежелеринде белгиленген балдарды ташуу боюнча талаптарды бузуу, айыбы 2-категориядагы 3000 сом каралган. Айдоочу жол эрежесинин баардык талаптарын билүүгө жана так аткарууга милдеттүү, жол эрежесин бузууда жеке өзүнүн өмүрү эле эмес жүргүнчүлөрүнүн өмүрүнө коркунуч алып келээрин эстен чыгарбоосу керек.

Буга чейин ырчы Дайыр Исмадияров Тик-Ток социалдык тармагындагы баракчасына баласын алдына өңөрүп алып, унаа айдап бара жаткан видеосун жарыялаган болчу.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>