Бишкекте ШКУнун уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү борбору түзүлөт. Ал эмне иш алып барат?

01.09.2026 | 16:30
В Бишкеке создадут Центр ШОС по противодействию оргпреступности. Чем он будет заниматься? — Новости Кыргызстана

Бүгүн, 1-сентябрда, Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынында Коопсуздук чакырыктарына жана коркунучтарына каршы аракеттенүү боюнча Универсалдуу борбор жөнүндө жобо бекитилди. Бул тууралуу КР президенттинин басма сөз кызматы билдирди.

Документ Бишкек шаарында аталган борбордун ишин баштоо үчүн укуктук жана уюштуруучулук негиз болуп саналат. Борбор төмөнкү багыттарда ишмердүүлүгү жүргүзөт:

  • укук коргоо органдарынын өз ара аракеттенүүсүн координациялоо;
  • биргелешкен операцияларды жана машыгууларды өткөрүү;
  • ыкчам маалымат алмашуу;
  • кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн издөө;
  • кылмыштуу кирешелерди адалдоо каналдарына бөгөт коюу;
  • адистерди даярдоо.

Маалыматка ылайык, мекеме Кыргызстандагы ШКУнун биринчи туруктуу иштөөчү түзүмү болот. Борбордун түзүлүшү ШКУ мейкиндигинде коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдөөгө багытталган.

Өлкө башчы Садыр Жапаров Кыргызстан Борбор үчүн зарыл болгон инфраструктураны даярдап койгонун жана анын ишин баштоого даяр экенин билдирди.

«Бишкекте Борбордун түзүлүшү — Кыргыз Республикасынын бүтүндөй ШКУ мейкиндигинин коопсуздугун, туруктуулугун жана туруктуу өнүгүүсүн камсыздоого кошкон практикалык салымы», — деп белгиледи өлкө башчы.
Scroll to Top