Жеңиштин 81 жылдыгы: Бишкекте «Өлбөс полк» жүрүшү жана митинг-реквием өттү

09.05.2026 | 12:33

Бүгүн, 9-майда, Бишкек шаарында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгына арналган бир катар эскерүү иш-чаралары өттү.

Майрамдык иш-чаралар Коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин параддык жүрүшү менен башталды. Борбор калаанын көчөлөрүндө согуш жылдарындагы жана аскердик-патриоттук ырлар жаңырды.

Ошондой эле салтка айланган «Өлбөс полк» патриоттук акциясы уюштурулуп, ага өлкө жетекчилиги, Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, аскер кызматкерлери, ошондой эле он миңдеген жарандардар катышты. Акциянын катышуучулары Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын жана тыл эмгекчилеринин сүрөттөрүн көтөрүп, Түштүк дарбазадан Жеңиш аянтына чейин жөө жүрүш жасашты.

Андан соң Жеңиш аянтында митинг-реквием өтүп, ага Садыр Жапаров, коргоо министри Руслан Мукамбетов, Жогорку Кеңештин төрагасы, шаар мэри, согуш ардагерлери жана жарандар катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө курман болгондорду эскерип, Өчпөс отко гүл коюу аземи өткөрүлдү. Митинг-реквием Бишкек гарнизонунун аскерлеринин салтанаттуу жүрүшү менен жыйынтыкталды.

Расмий бөлүктөн кийин катышуучулар согуш мезгилиндеги курал-жарак жана аскердик техникалардын көргөзмөсү менен таанышып, салттуу «жоокер боткосунан» даам татышты.

Scroll to Top