КР миграцияны көйгөй эмес, өнүгүү мүмкүнчүлүгү катары карайт — депутат
Кыргызстан миграцияны чакырык катары эмес, экономикалык өнүгүүнүн факторлорунун бири катары карайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиев Нью-Йорк шаарындагы БУУнун штаб-квартирасында өткөн Миграцияны кароо боюнча экинчи эл аралык форумда (IMRF-2026) билдирди.
Форум «Миграция доорундагы коопсуз, инклюзивдүү жана туруктуу шаарлар — WUF13кө карай» деген темада өтүп, ага мамлекеттердин өкүлдөрү, эл аралык уюмдар жана миграция менен шаардык өнүгүү боюнча эксперттер катышты.
Медербек Алиев Кыргызстандын делегациясын жетектеп барып, өз сөзүндө өлкө ички экономикалык өзгөрүүлөрдүн фонунда миграциялык саясатка болгон мамилесин өзгөртүп жатканын белгиледи.
Анын айтымында, экономиканын ыкчам өсүшүнүн аркасында Кыргызстан салыштырмалуу кыска убакыт ичинде негизинен эмгек мигранттары чыгып кеткен өлкөдөн чет өлкөлүк жумушчуларды кабыл алган мамлекетке айланды. Депутат белгилегендей, учурда республикада 100 миңден ашуун чет өлкөлүк жаран эмгектенет.
«Биздин улуттук миграциялык саясат коопсуз, тартиптүү жана жөнгө салынган миграцияны камсыз кылууга, мигранттардын укуктарын коргоого жана алардын туруктуу өнүгүүгө кошкон салымын максималдуу пайдаланууга багытталган», — деди ал.
Алиев ошондой эле кыргыз диаспорасын өлкөнү өнүктүрүүгө активдүү тартуу зарылдыгына токтолду. Анын айтымында, мигранттар алып келген билим, кесиптик көндүмдөр жана тажрыйба Кыргызстандын экономикасы үчүн маанилүү роль ойнойт.
Мындан тышкары, сөзүндө Глобалдык миграция келишимин шаарларды өнүктүрүү контекстинде ишке ашыруу маселеси да көтөрүлдү. Парламент өкүлү белгилегендей, Кыргызстан миграцияны социалдык көйгөй катары гана эмес, туруктуу шаардык жана экономикалык өнүгүүнүн бир бөлүгү катары кароо ыкмасын колдойт.
Кыргыз тараптын билдирүүсү 2026-жылдын 17–22-май күндөрү Баку шаарында өтө турган XIII Дүйнөлүк шаардык форумдун (WUF13) алдында айтылды. Алиевдин айтымында, эл аралык аянтчалардагы талкуулар пикир алмашуу менен гана чектелбестен, практикалык чечимдерди иштеп чыгууга жана өнөктөштүктү бекемдөөгө алып келиши керек.
Форумду Азербайжандын Мамлекеттик миграция кызматы жана Эл аралык миграция уюму уюштурду.