Жети-Өгүз районунун Саруу айылында мектептин 25 жаштагы орун басары окуучулары тарабынан сабалып, ооруканага түштү. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ушул жылдын 19-июнь күнү Жети-Өгүз РИИБге телефон аркылуу Жети-Өгүз районунун оорукананын тез жардам бөлүмүнөн, денесинен жаракат алып кайрылган жаран жөнүндө малымат түшкөн.
Тергөө ыкчам-тобу барып, ордунан териштирүүдө Саруу айылынын 1997-жылы туулган О.У. арыз менен кайрылган. Арызында 18-июндан 19-июнга караган түнү саат 01:00 чамасында Саруу айылына караштуу орто мектептин окуучулуры сабап кеткендиги жөнүндө билдирген. Натыйжада О.У. алган дене жаракатынан Жети-Өгүз райондук хирургия бөлүмүнө жаткырылып, соттук медициналык экспертиза дайындалган.
Аталган факты Жети-Өгүз РИИБдин КБРне катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 280-берене (Бейбаштык) 2-бөлүмүнүн 2-пунктунун негизинде кылмыш иши козголгон.
Тергөө-ыкчам иш-чарасын жүргүзүү учурунда, Саруу айылынын 2005-жылы туулган А.Н., А.Р., И.Т., Т.Ы. жана Т. С. аттуу балдар аныкталып кармалган.
Учурда тергөө амалдары уланууда.