Бишкекте тактикалык страйкбол боюнча ATG 2026 эл аралык турнири өттүМинистрлер Кабинети 2027-жылы 33 млрд сомдон ашык насыя тартууну пландоодоЧүй облусунда 110 млн сомдук муздаткыч комплекси ишке берилдиШакиранын концерти Кыргызстандын экономикасына $30 млн алып келиши мүмкүн — КубатовКыргызстанда жыл башынан бери 93 мыйзамсыз таштанды жайы жабылдыКыргызстанда үч жылда баалар дээрлик 22% кымбатташы мүмкүн
Үч облустагы ветеринардык дарыканаларда дары-дармектерди сактоо эрежелери бузулганы аныкталды
07.09.2026 | 15:51

Ветеринардык кызматтын инспекторлору Нарын, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы, ошондой эле Ош жана Нарын шаарларындагы дарыканалардын ишмердүүлүгүн текшеришти. Мониторинг 2026-жылдын 27-августундагы ведомстволук буйруктун негизинде жүргүзүлдү.
Адистер объектилердин реестрде катталышын, жаныбарлар үчүн дары-дармектерди сатуу тартибин жана сактоо эрежелерин текшерүүгө алышты. Бир катар дарыканаларда инспекторлор эсептик каттоонун жоктугун, ошондой эле ветеринардык препараттар менен агрохимикаттардын бир жерде чогуу сакталган фактыларын аныкташты.
Соода түйүндөрүнүн кызматкерлерине жана ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мыйзам бузууларды жоюу боюнча эскертмелер (жазма буйруктар) берилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: минсельхоз