Мүлктү камакка алуу, карыз алуучуну коргоо жана айып пул: КРда мыйзам долбоору даярдалдыЫсык-Көл менен Соң-Көлдө өндүрмөлүк балык уулоого үч жылдык мораторий киргизилдиМинистрлер кабинети ак кантты, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнөн ташып келүүгө алты айга тыюу салдыБийлик маселени талкуулап жаткан чакта, Таш-Мойноктун балдары мектепке 2 км жөө каттоодоУлуттук музейде Лейлек килемдеринин фестиваль-жарманкеси ачылдыКыргызстан коррупцияга каршы күрөшүү тажрыйбасын Душанбеде тааныштырды
Жогорку Кеңеш ишин баштады
01.09.2022 | 10:25
Бүгүн, 1-сентябрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын экинчи сессиясынын ачылышы болду.
Сессиянын ачылышынын алдында Кыргызстандын гимни жаңырды.
Жогорку Кеңештин сессиясынын ачылышына министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышып, сөз сүйлөдү.
Депутатар ишин комитеттерде уланта турган болду.
Эскерте кетсек, депутаттар 30-июнда каникулга чыккан. Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары былтыр күзүндө шайланып келген. Парламентте 90 депутат бар. Алардын 54ү партиялык тизме, калган 36 эл өкүлү бир мандаттуу округ боюнча шайланып келген.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом