Жогорку Кеңештин бир жылдык чыгымы 1 млрд 367 млн сом болду

Жогорку Кеңештин бир жылдык чыгымы 1 млрд 367 млн сом болду

2023-жылы Жогорку Кеңешти каржылооого мамлекеттик бюджеттен 1 млрд 367 млн 908 миң сом сарптаган. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 500 миллион сомго көп, өткөн жылы парламенттин чыгымы 835.8 млн сомду түзгөн. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалыматына таянып «Акчабар» жазды.

Эл өкүлдөрү каражаттын басымдуу бөлүгүн адаттагыдай эле  – 811 млн 842 миң сомду айлык акыга жумшашкан. Ал эми имаратты тейлөө жана курулуш-оңдоо иштерине — 143 млн 299 миң сом, ошондой эле унаа жана жабдууларга — 123 млн 556 миң сом сарптаган.

Ошондой эле, былтыр депутаттар  121 млн 572 миң сомго товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алып,  чарбалык буюмдарга жана материалдарга  18 млн 405 миң сом короткон.

Парламенттин чыгымдарында  «калкка социалдык жардам катары жөлөк пулдарды төлөө» деген берене бар. Ал боюнча бир жылда  270, 8 миң сом жумшалган.

Кошумчалай кетсек, өткөн жылы Жогорку Кеңештин резервдик фондуна 54 млн 175 миң сом берилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>