Жамгырчиев өзүнө козголгон кылмыш иши тууралуу: Карайлап калат экенсиң (видео)

Жамгырчиев өзүнө козголгон кылмыш иши тууралуу: Карайлап калат экенсиң (видео)

Депутат Эмил Жамгырчиев ага козголгон кылмыш иши боюнча кесиптештерин сын айтуудан алыс болуп турууга чакырды. Бул тууралуу ал парламенттин комитетинин жыйынында билдирди.

Жамгырчиев бүгүн, 16-январда Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин жыйынына келди. Отурумда ага сөз берилгенде, кесиптештерине кайрылып, соттун өкүмү чыкканга чейин сын айтпай турууну суранды.

«Өз жон терим менен сезип жаткан кырдаал боюнча кыскача маалымат берип коеюн. Депутат катары эмес, жөнөкөй жаран катары эле өзүмдүн кесиптештериме алдын ала сын-пикирден алыс болсок деген суранычым бар. Адамдын күнөөсү бар же жоктугун сот чечет. Менин айланамдагы жагдай боюнча териштирүү жүрүп жатат. Тергөө иши аяктагандан кийин сотко өтөт. Соттон кийин менин да маалыматтарым болот. Соттун өкүмү чыккандан кийин бири-бирибизге сын айтсак деп суранат элем. Себеби менин артымда ата-энем, үй-бүлөм, бала-бакырам бар. Аларды да, мени да ыңгайсыз абалга коюп жатабыз. Мындай иш башка түшсө, карайлап калат экенсиң. Андан көрө, колуңардан келсе, соттун өкүмүн күтөлү», — деди ал.

Эскерте кетсек, былтыр 27-декбарда башкы прокурор депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартууга макулдук берүү сунушу менен Жогорку Кеңешке кайрылган. Парламент аталган маселени кароо үчүн комиссия түзгөн. Жамгырчиевге «чек араны мыйзамсыз кесип өтүү» айыбы тагылып жатканы кабарланган.

9-январда депутаттык комиссия Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартууга макулдук берген. Жамгырчиев ошол күнү кесиптешинин иш бөлмөсүнүн терезесинен сыртка секирип түшүп, качып кеткен. Андан кийин депутаттын парламенттин имаратынын терезесинен секирип түшүп, качкан видеосу тараган.

10-январда парламенттин жыйынана келген УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жамгырчиев 2022-жылдын аягында Өзбекстанда «Салим байбача» деген ат менен таанымал кримтөбөл Салим Абдувалиев менен жолугуп, ага кат жазганын билдирген. Анын айтымында, Жамгырчиев кримтөбөлдөн «Ташиевди жоопко тартып бериңиз» деп суранган.

12-январда Жамгырчиев УКМКга сурак берүүгө барган.

Жамгырчиевдин «Ак үйдүн» экинчи кабатынан секирип качкан видеосу жарыяланды

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>