Жогорку соттун мурдагы судьясы Альмира Мамбеталиева каза болду

Жогорку соттун мурдагы судьясы Альмира Мамбеталиева каза болду

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи Альмира Мамбеталиева дүйнө салды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Альмира Мамбеталиева 74 жашта болгон.

«Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана жергиликтүү соттордун судьялары, аппарат кызматкерлери,  ошондой эле Ардагерлер кеңеши Мамбеталиева  Альмира Джукешевнанын  дүйнө салгандыгына байланыштуу туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат» — деп айтылат билдирүүдө.

Мамбеталиева  Альмира Джукешевна 1946-жылдын 26-апрелинде Фрунзе шаарында  туулган. 1971-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин  юридикалык бөлүмүн аяктаган. Эмгек  ишмердүүлүгүн  ушул эле жылы  Кант райондук прокуратурасында стажер болуп баштаган.

1972-жылдан 1973-жылга чейин Бишкек шаарынын прокуратурасынын соттордогу жазык иштерди кароону көзөмөлдөө  боюнча  прокурор болуп эмгектенген.

Ал эми 1973-жылдан 1978-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Президиумунун  юридикалык  бөлүмүнүн консультанты болгон.

1978-жылдан  2009-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы болуп иштеп келген.

Мамбеталиева  Альмира Джукешевна сот системасында 31 жыл иштеп,  анын  өнүгүшүнө зор салымын кошуп, кесипкөй, ишине так судья катары кесиптештеринин эсинде  калат. Ал жасаган  эмгектер ар кандай мамлекеттик сыйлыктарга, ардак грамоталарга татып,  “Эмгек сиңирген юрист” деген наамга ээ болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>