Өспүрүмдөр жана баңгизат: ата-энелерди эмнелер кооптондурушу керек

Бишкек ден соолукту чыңдоо борборунун адистери өспүрүмдөрдү баңгизат колдонууга кандай факторлор түрткү болорун жана анын кесепеттери тууралуу айтып беришти.
Адистердин айтымында, өспүрүм куракта баңгизатка көз карандылык тезирээк калыптанышы мүмкүн, ал эми психоактивдүү заттарды колдонуу физикалык жана психикалык ден соолукка олуттуу таасир этет.
Өспүрүмдү баңгизат колдонууга түрткөн факторлордун катарына психологдор өзүн төмөн баалоону, өзүнө ишенбөөчүлүктү, курбулары менен тил табышуудагы кыйынчылыктарды жана курактык, ошондой эле жеке көйгөйлөрдү жеңе албастыкты аташат.
Тобокелдик үй-бүлөдө көңүл буруу жана колдоо жетишсиз болгондо, орой мамиледе, кемсинтүүдө же ата-эне тарабынан өтө жогорку талаптар коюлганда да жогорулашы мүмкүн.
Айрым учурларда өспүрүмдөр баңгизатты жөн гана кызыгуудан улам жана жаңы сезимдерди баштан өткөрүү максатында колдоно башташат. Кыргызстанда кеңири таралган баңгизаттардын катарына марихуана, гашиш жана героин кирет. Ошондой эле токсикалык заттарды — желим, бензин жана эриткичтерди колдонуу да коркунуч жаратат.
Мындан тышкары, акыркы учурда синтетикалык баңгизаттарды, анын ичинде экстази, спайс, туздарды (синтетикалык баңгизат түрү) жана чегүүчү аралашмаларды колдонуу көбөйгөнү байкалууда.
Өспүрүм куракта баңгизат колдонуу боордун, жүрөк-кан тамыр, нерв жана дем алуу системаларынын, ошондой эле ашказан-ичеги трактынын ооруларына алып келиши мүмкүн. Ашыкча доза колдонулганда дем алуу жана жүрөк токтоп, өлүмгө дуушар кылышы ыктымал.
Баңгизаттар өспүрүмдүн психикасына да таасир этип, курчап турган дүйнөнү туура (адекваттуу) кабыл алуусун жана нерв системасынын иштешин бузат. Бул организмдин активдүү өсүп жана калыптанып жаткан мезгилинде өзгөчө кооптуу.