Бишкектеги «Аска-Таш» комплексинде фонтандар оңдолуп, көрктөндүрүү иштери жүрүүдөТалас шаарында жаңы Сот адилеттик үйү курулатКыргызстанда жаш балдар үчүн кыргыз тилдүү «Нуркидс» платформасы иштелип чыктыИран ЕАЭБ өлкөлөрүн көз карандысыз финансы тутумун түзүүгө чакырдыБишкекте жеке турак үй өрттөндүКыргызстанда салык мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилди. Эмнелер өзгөрдү?
Жугуштуу оорулар ооруканасына бир суткада 287 бейтап кайрылды
05.11.2019 | 16:07
Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде 287 бейтап кайрылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкенин «24.kg» жазды.
Кайрылгандардын ичинен 222си жаш балдар.
«Кайрылгандардын 122си ооруканага жаткырылган, алардын 112си жаш балдар. Курч мүнөздөгү ичеги-карын инфекциялары менен 86 адам кайрылса, 57си ооруканага жаткырылып, 29 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Курч мүнөздөгү вирустук инфекциялар менен 41 адам кайрылган, алардын 15и ооруканага жаткырылды», — деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом