Журналист: Бишкекте ири делген көмүр кампалар жабык турат

Журналист: Бишкекте ири делген көмүр кампалар жабык турат

Бишкек шаарындагы эң ири делген Садыгалиев көчөсүндөгү базада көмүр жок калганын журналист Айбек Шамшыкеев фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, Садыгалиев жана Мурманск көчөлөрүнүн кесилишиндеги көмүр базалар жабык турат. Сыртта Хюндай Портер үлгүсүндөгү 2-3 гана унаада көмүр турганын, бирок, бийлик бекиткен баадан бир кыйла кымбат, бир тоннасын 5800 сомдон сатып жатышат.

Ошондой эле журналист жеткирип берүү акысы дагы өсүп кеткенин сынга алып, үйгө жеткичекти көмүрдүн тоннасы 8 миң сомго жетет деп нааразы болгон.

Бийлик көмүрдүн тоннасын 4500 сомдон ашырбоо боюнча чечим чыгарган болчу. Министрлер кабинети атайылап көмүрдүн баасын көтөргөндөр үчүн топ түзүүнү тапшырды.

Көмүрдүн баасын атайылап көтөргөндөргө каршы топ түзүлөт

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>