Жыл башынан бери Салык кызматынын 127 кызматкери тартиптик жоопкерчиликке тартылды

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында Мамлекеттик салык кызматына салык органдарынын кызматкерлерине карата 171 кайрылуу түшкөн. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кайрылуулардын 91и жарандардан жана салык төлөөчүлөрдөн, 24ү укук коргоо органдарынан, дагы 56сы Салык кызматынын аймактык башкармалыктарынан келип түшкөн.
Алты ай ичинде 158 кайрылуу каралып чыккан. Анын жыйынтыгында 38 кайрылуу боюнча келтирилген фактылар тастыкталган, экөө жарым-жартылай тастыкталган, 113ү тастыкталган эмес. Дагы беш материал укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлгөн.
Карап чыгуунун жыйынтыгында 127 кызматкер тартиптик жоопкерчиликке тартылган. Алардын ичинен 95ине эскертүү берилген, 24үнө сөгүш жарыяланган, төрт кызматкер катуу сөгүш алган. Дагы эки кызматкер кызматынан бошотулуп, экөө төмөнкү кызматка которулган.
Ошондой эле отчеттук мезгилде кызматкерлер тарабынан мыйзамсыз материалдык сый акы алуу фактысы боюнча төрт кайрылуу түшкөн. Алардын экөөсү боюнча фактылар тастыкталган эмес, дагы эки материал укук коргоо органдарына өткөрүлгөн.
Түшкөн маалыматтарды текшерүү үчүн 44 кызматтык иликтөө дайындалып, алардын 39у аяктаган. Алардын биринин материалдары укуктук баа берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөтүлгөн.
Мамлекеттик салык кызматы кызматкерлердин мыйзамсыз аракеттери тууралуу жарандарды билдирүүгө чакырып, кайрылууларды жазуу жүзүндө, электрондук почта аркылуу, жетекчиликтин жеке кабыл алуусунда, ишеним телефону, WhatsApp жана «Отзывы» менен «Пикир» электрондук сервистери аркылуу берүүгө болорун эске салды.