Кыргызстан менен Россия эмгек мигранттарын коргоо маселелерин талкуулады

17.07.2026 | 10:46
Кыргызстан менен Россия эмгек мигранттарын коргоо маселелерин талкуулады — Новости Кыргызстана

16-июлда видеоконференция форматында кыргыз-орус эмгек мигранттарынын эмгек ишмердиги жана социалдык корголушу боюнча Биргелешкен жумушчу топтун 18-жыйыны өттү.

Кыргыз делегациясын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мирлан Байгончоков, ал эми россиялык делегацияны Россиянын ИИМинин Жарандык жана чет өлкөлүк жарандарды каттоо кызматынын башчысынын орун басары, уруксат берүү-визалык иштер департаментинин башчысы Константин Адзинов жетектеди.

Жыйынга Кыргызстан менен Россиянын тиешелүү министрликтеринин жана мекемелеринин өкүлдөрү катышты.

Тараптар мурунку жыйындын чечимдеринин аткарылышын жыйынтыктап, актуалдуу статистикалык маалыматтар менен алмашып, эки өлкөдөгү миграциялык кырдаалды жана эмгек миграциясы жаатындагы мыйзамдардагы акыркы өзгөрүүлөрдү талкуулашты.

Жолугушууда негизги көңүл Россияда эмгектенип жаткан Кыргызстандын жарандарынын укуктук абалына байланышкан маселелерге бурулду.

Жыйындын жыйынтыгында тараптар өнөктөштүккө берилгендигин ырастап, эмгек мигранттарынын социалдык жана укуктук корголушун камсыздоо боюнча биргелешкен ишти улантууну макулдашышты.

Scroll to Top