Зордуктоодон кийин 6-кабаттан боюн таштаган 13 жашар кыздын иши боюнча сот өкүмү чыкты

Зордуктоодон кийин 6-кабаттан боюн таштаган 13 жашар кыздын иши боюнча сот өкүмү чыкты

13 жашар кызды зордуктоого айыпталган жаран 15 жылга соттолду. Бул тууралуу Reporter.kg’ге укук коргоочу Азиза Абдрасулова билдирди.

Иш октябрь райондук сотунда каралды. Прокуратура өмүр бою абакка кесүүнү суранган.

«Чечим чыкты, азыр эми шаардык сотко кайрылуу боюнча ойлонуп турабыз», — дейт маркум кыздын укугун коргогон Азиза Абдрасулова.

Зордуктоо фактысын жаап жашырууга аракет жасаган Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын эки тергөөчүсү жана соттук-медициналык эксперттин иши Бишкек шаардык сотунда каралып жатат.

«Ленин райондук сотунун чечимине даттанып, шаардык сотко кайрылуу болгон. Биринчи инстанция тергөөчүлөрдүн бирине айыппул салып, экинчисин пробация менен бошотуп жиберген. Ал эми экспертизалык бүтүмүн чыгарган эксперт акталып кеткен», — дейт Азиза Абдрасулова.

Белгилей кетсек, 13 жашар А. Ж. 2021-жылдын ноябрь айында зордукталган. Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери өспүрүмдү бир жолу эле суракка алып, анын көрсөтмөсүн өзгөртүп, өз эрки менен жыныстык катнашка барганын жазып, эксперт болсо кыз 17-18 жаштагыдай көрүнөрүн айткан. Башкы прокуратура бул боюнча кылмыш ишин козгогон.

Милиция кыймылдабагандан кийин зордукталган өспүрүм 5 айдан кийин 6-кабаттан боюн таштаган.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>