1-ноябрь: Кыргызстанда күн жылуу болот, абанын температурасы +21° чейин көтөрүлөтБишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келет
“Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Саляновадан кабар алышты
07.08.2019 | 15:11
Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Каныбек Иманалиев жана Наталья Никитенко №1 тергөө абагында отурган Аида Саляновадан кабар алышты.
Каныбек Иманалиев билдиргендей, алар Салянованын ден соолугуна байланыштуу комиссия түзүү боюнча адвокат аркылуу тиешелүү тарапка кайрылуу жиберишкен.
Белгилей кетсек, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова 3-июнь күнү кечинде Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна айыпталып камакка алынган. Биринчи Май райондук соту аны 26-августка чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат