Бишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келетБишкектин башкы планы өзгөртүлдү, бирок так эмне өзгөргөнү белгисиз, деп билдирди Бекешев
Бишкектеги көчө аталыштары ката жазылганы үчүн тиешелүү кызматкерлер сөгүш алды
12.07.2019 | 18:09
Көчө аталыштарындагы каталар үчүн “Бишкек башкы архитектуранын” кызматкерлери сөгүш алышты. Тиешелүү буйрукка ишкананын башчысы Асхат Түлебердиев кол койду.
Мекеме башчысынын орун басары менен сырткы жарнама бөлүмүнүн адиси тактачалардагы каталар үчүн сөгүш алды. Көчө аталыштары жазылган тактачаларда Жаш гвардия бульварынын англисче жазылышы MOLODAYA дегендин ордуна MOLODOI GVARDIA boulevard деп ката жазылган.
Эскерте кетсек, көчө аталыштары ШКУ саммити өтөр алдында орнотулган. Саммит ушул жылдын 13-14-июнь күндөрү болуп өткөн.
Мындан тышкары жарандык активист Гүлжигит Исаков саммит алдында эле көчө аталыштары ката жазылганы боюнча Facebook баракчасына жазып чыккан.
Рубрики: Жаңылыктар