1 электр узарткычты 37 миң сомго алган. Салык кызматынын төрагасынын орун басары кармалды

1 электр узарткычты 37 миң сомго алган. Салык кызматынын төрагасынын орун басары кармалды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Адилет Дубанаев кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Аткаминер коррупцияга шектелүүдө.

Коопсуздук кызмаатынын маалыматына караганда, салык кызматы  компьютердик техника, тармактык жабдуулардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым позицияларынын наркын жүз эсеге жогорулатып көрсөткөн. Аны сатып алууга 4 миллион 878 миң 894 доллар жумшап, мамлекетке бюджетке 1 миллион 267 миң 668 доллар (110 миллион сомдон ашык) өлчөмүндө зыян келтирген.

Бир электр узарткыч 421  долларга (37 миң сомго)  алынган.

Коннекторду 11 долларга (960 сом) баалашкан.

Кеңсе олтургучун 207 долларга (18 миң сомго) алышкан, анын наркы болжол менен базарда 3500 сом.

УКМК аталган каражат Дүйнөлүк банктан салык тармагын модернизациялоого алынганын белгилейт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>