Кыргызстандын Ош шаары менен Бразилия ар тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүдөКУУ орус тилин үйрөнүү үчүн жасалма интеллект платформасын киргизүү боюнча келишимге кол коётАкыйкатчы институту: мамлекеттик сайттар майыптыгы бар адамдар үчүн ыңгайсызДепутат боксчу Омар Левазага убада кылынган батир боюнча маселени көтөрдүУКМК: баңги заттарды ташыган трансулуттук канал аныкталып, эки жаран кармалдыКелечектин лидерлери: «Росатом» Кыргызстандын жаштарына кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачат?
Тыныбекова жана Билимбекова Польшадагы мелдештин алтыны үчүн күрөшөт
21.06.2024 | 18:15
Балбан кыздар Айсулуу Тыныбекова жана Калмира Билимбекова Польшадагы Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open эл аралык мелдешинин финалына чыкты.
Тыныбекова 62 кг жана Билимбекова 59 кг салмакта күрөшүүдө. Ал экөө тең экиден беттеш өткөрүп, атаандаштарын жеңип, финалга чыкты. Эми алтын үчүн күрөшөт.
Финалдык беттештер саат 22:00до башталат.
Буга чейин бул мелдешке Мээрим Жуманазарова да (68 кг) катышары кабарланган. Бирок ал турнирге катышкан жок.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом