1-класска электрондук каттоо: 97 миңден ашык бала катталды

1-класска электрондук каттоо: 97 миңден ашык бала катталды

2023-жылдын 3-июлуна карата мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына 97 миң 486 бала кабыл алынды, бул жалпы квотанын 52,5% түзөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, электрондук каттоодо баланын ата-энеси же мыйзамдуу өкүлдөрү эң көп активдүүлүктү Бишкек шаарынын Октябрь районунда – квотадан 82%, Талас облусунун Кара-Буура районунда – 79%, Нарын облусунун Жумгал районунда – 74%, Талас облусунда – 60% көрсөттү.

Эң аз активдүүлүк Жалал-Абад облусунун Сузак районунда – 36%, Ош облусунун Алай жана Ноокат райондорунда – 38% байкалды.

Биринчи класска электрондук кабыл алган 2 миң 84 жалпы билим берүү уюмдарынын ичинен 117 билим берүү мекемесинде орундар толду. Тагыраагы, Бишкекте 96 мектептин 33ү, Ош облусунда 514 мектептин 18и, Баткен облусунда 224 мектептин 14ү толду.

Белгилей кетсек, 26-июндан 31-августка чейин 1-класска электрондук каттоонун экинчи этабы өтүүдө. Экинчи этапта жашаган жерине карабастан баланы каалаган мектепке каттоого болот, эгерде бош орундар бар болсо.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>