1-тайм: Кыргызстан Малайзияга каршы оюнда 2:1 эсебинде алдыга чыкты (видео)

1-тайм: Кыргызстан Малайзияга каршы оюнда 2:1 эсебинде алдыга чыкты (видео)

Кыргызстандын футбол курамасы Малайзия менен болгон оюндун биринчи бөлүгүндө 2:1 эсебинде алдыга чыкты.

Беттеш дүйнө чемпионатына тандап алуу оюндарынын экинчи айлампасынын алкагында Малайзиянын борбору Куала-Лумпур шаарындагы «Букит Жалил» стадионунда өтүүдө.

Оюндун жүрүшүндө Кыргызстандын курамасы дарбазасына топ өткөрүп алып, 0:1 эсебинде жеңилип жаткан. Бирок беттештин 42-мүнөтүндө Кайрат Жыргалбек уулу гол киргизип, эсепти теңеди. 44-мүнөттө Эрнис Батырканов дагы бир гол киргизип, командасын алдыга чыгарды.

Беттештин биринчи бөлүгү 2:1 эсебинде жыйынтыкталып, командалар 15 мүнөттүк тыныгууга кетти.

Эске салсак, Кыргызстан дүйнө чемпионатына тандоо турунун экинчи айлампасында Оман, Малайзия жана Кытайлык Тайбей менен бир тайпага жайгашкан. Дүйнө чемпионаты менен Азия кубогуна тандоо оюндары бир өткөрүлгөндүктөн, өз тайпасында алдыңкы эки орунду ээлеген курамалар Дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын 3-айлампасына чыгат жана 2027-жылы өтө турган Азия кубогунун финалдык баскычына жолдомо алат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>