Корея Кыргызстанга 10 миңден ашык “акылдуу” эсептегичтерди берет

Корея Кыргызстанга 10 миңден ашык “акылдуу” эсептегичтерди берет

Түштүк Корея өкмөтү Кыргызстанга гранттык негизде 10 миңден ашык “акылдуу” электр эсептегичтерди берет. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Ведомстводо энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев менен Кореянын KOICA агенттигинин жетекчиси Ли Жонсуунун жолугушуусу болуп өттү. Алар Кыргызстанда электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун улуттук борборлоштурулган автоматташтырылган тутумун (АСКАЭ) өнүктүрүү боюнча долбоорду ишке ашырууну талкуулашты.

Маалым болгондой, долбоордун алкагында Корея Кыргызстанга гранттык негизде 10 618 “акылдуу” эсептегичтерди жана 1,5 миллион эсепке алуу приборлорун тейлөөгө ылайыкталган сервердик жабдууларды берет.

Жабдуулар бүткүл өлкө боюнча акылдуу эсептегичтерди орноткондон кийин, аларды бириктирүүгө жана борбордон башкарууга мүмкүндүк берет. Энергетика министрлиги Кореядан келген гранттык каражаттардын өлчөмүн билдирген жок.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>