Кыргызстандын аймагында 10-май саат 10:00гө карата 71 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбеков брифингде билдирди.
СOVID-19 инфекциясынын жаңы жуктургандар төмөнкү аймактардан катталды: Бишкек шаары — 2;
Чүй облусу — 56, анын ичинен 55и Соль-Илецкиден келгендер;
Жалал-Абад облусу — 5;
Ош облусу — 3;
Баткен облусу — 4;
Нарын облусу — 1.
Кыргызстанда коронавирус жуктургандар жалпы саны 1002ге жетти.