Оренбургда ай талаада калган кыргыз жарандары Бузулук районундагы балдар лагерине жайгаштырылды

Оренбургда ай талаада калган кыргыз жарандары Бузулук районундагы балдар лагерине жайгаштырылды

Оренбург облусундагы Кыргызстандын жарандарынын жайгашуу маселеси чечилди. Бул тууралуу бүгүн штабдан билдиришти.

Кыргызстандын Орусиядагы Элчилигинин маалыматына ылайык, Кыргызстандын жарандарын Казакстандын чек арасы ачылганга чейин аталган облустун Бузулук районундагы балдар лагерине убактылуу жайгаштыруу чечимин чыгарды.

Оренбург шаарындагы Кыргызстандын Ардактуу консулу жана диаспора активисттери жарандарды аталган балдар лагерлерине жайгаштыруу максатында Соль-Илецк шаарынан Бузулук шаарына келишти.

«Бузулук шаарынын жанында 70ке жакын Кыргызтандын жарандары бар. Аларды балдар лагерлерине жайгаштыруу боюнча жергиликтүү бийлик органдары менен иш алып барылууда.

Ошол эле учурда, Кыргызстандын жарандарынын айрымдары балдар лагерлерине баруудан баш тартып, жерге чатырларды орнотууну талап кылып жатышкандыгын белгилейбиз», — деп маалымдалды.

Ушул жылдын 7-майында Соль-Илецк шаарынан 541 кыргыз жараны казакстан тарабы түзүп берген бир жолку акциянын алкагында транзит коридордон өтүп, Кыргызстанга келишкен жана медициналык байкоого алынышкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>