10 млн сомдук өзгөчө коркунучтуу «синтетика»: кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Кыргызстанда өлкө аймагына өзгөчө коркунучтуу синтетикалык баңгизаттарды ташып келүүгө жана сатууга шектелген эл аралык уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.
УКМКнын басма сөз борборунун маалыматы боюнча, атайын операциянын натыйжасында үч кыргызстандык кармалды: алар 2002-жылы туулган А.Т.А., 2000-жылы туулган А. у. Д. жана 2000-жылы туулган О.Р.Н.





Алгачкы эки шектүүнүн унаасын тинтүүгө алган учурда синтетикалык баңгизаттардын өзгөчө ири партиясы табылып алынды. Ушундай эле өзгөчө ири өлчөмдөгү заттар О.Р.Н. аттуу жаранды жеке тинтүүдөн өткөргөн учурда да табылган.



УКМКдан билдиришкендей, алынган баңгизаттын жалпы көлөмү болжол менен 6–7 миң бир жолу колдонулуучу дозага барабар. Алардын кара базардагы болжолдуу чекене баасы 10 миллион сомдон ашат.

Учурда ыкчам-издөө жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмыштуу топтун башка мүмкүн болгон мүчөлөрүн жана баңгизаттарды ташып келүү каналдарын аныктоо иштери уланууда.