Жаңы ҮДТ жана 150 орундуу ЖДТБ: Саламаттык сактоо министри Жалал-Абад облусунда болду

Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Жалал-Абад облусундагы жумушчу сапарынын алкагында Аксы районунун Ак-Суу айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун (ҮДТ) жаңы имаратынын ачылышына катышты. Ошондой эле ал Кызыл-Жардагы Республикалык психиатриялык ооруканага барып, Таш-Көмүр шаарындагы жаңы Жалпы дарыгерлик тажрыйба борборунун (ЖДТБ) курулушу менен таанышты.
Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз борбору билдиргендей, ведомствонун жетекчиси Ак-Суу айылында Аксы ЖДТБнын түзүмдүк бөлүмү болуп саналган ҮДТнын жаңы имаратын ачты.
Медициналык мекеме район борборунан болжол менен 85 чакырым алыстыкта жайгашкан жана 5 миңден ашык адамды, анын ичинде 14 жашка чейинки 1 миң 769 баланы тейлейт.
ҮДТда терапия жана балдар бөлүмдөрү, ошондой эле стоматологиялык кабинет иштейт. Мекеменин штатында 17 кызматкер, анын ичинде дарыгер, медайымдар жана кенже медициналык кызматкерлер бар.
Медицина кызматкерлери жана тургундар менен жолугушуу учурунда Осмонов Ак-Суу айылындагы №2 ҮДТ үчүн УЗИ аппаратын сатып алуу пландалып жатканын билдирди. Сатып алуу процедурасы жарыяланган, жабдууну ушул жылы алуу көздөлүүдө.
Ошондой эле төрөткө жардам берүү кызматын уюштуруу мүмкүнчүлүгү талкууланды. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Ак-Суу айылында 2024-жылы 89, 2025-жылы 78, ал эми 2026-жылдын башынан бери 32 төрөт кабыл алынган.
Осмонов өзүнчө төрөт бөлүмүн ачуу аралыкты, калктын санын, медициналык жардамдын көлөмүн жана кадрдык мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен кошумча баалоону талап кыларын белгиледи.

«Медициналык мекемеге чейинки аралык маанилүү экенин, айрыкча кош бойлуу аялдар үчүн кыйын болорун түшүнүп турабыз. Бирок төрөт бөлүмүн ачуу үчүн имарат гана эмес, адистердин дайыма нөөмөттө турушу, шашылыш жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгү жана татаалдашкан учурларда эне менен баланын коопсуздугун камсыз кылуу талап кылынат. Ошондуктан азыркы этапта төрөт бөлүмү ачылат деп убада бере албайбыз. Учурда тез жардам кызматын күчөтүү алда канча туура чечим болот деп эсептейбиз», — деди министр.
Анын айтымында, Саламаттык сактоо министрлиги кош бойлуу аялдарды медициналык мекемелерге өз убагында жеткирүү үчүн кошумча тез жардам унаасын бөлүп берүү мүмкүнчүлүгүн карайт.
Кызыл-Жарда Осмонов Республикалык психиатриялык ооруканага барды. Имаратты көрүү учурунда эркектер бөлүмүн капиталдык оңдоодон өткөрүү маселеси көтөрүлдү. Жумуштардын бир бөлүгү аткарылып жатат, бирок мекемеге кошумча каржылоо талап кылынат. Министр жооптуу түзүмдөргө бул маселени иштеп чыгууну тапшырды.
Таш-Көмүр шаарында Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчиси 150 орунга ылайыкталган ЖДТБнын жаңы имаратынын курулушу менен таанышты. Долбоорду ишке ашырууга 250 миллион сом каралган.
Осмонов курулуш иштеринин сапаты боюнча талаптардын сакталышын жана долбоорду ишке ашыруу мөөнөттөрүн камсыз кылууну тапшырды.