АКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт
Бишкекте оор жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө киргизилген чектөө октябрга чейин уланат
14.08.2026 | 15:18

Бишкек шаарынын мэриясы жалпы салмагы 18 тоннадан ашкан жүк ташуучу унаалардын муниципалдык унаа жолдордо жүрүүсүнө киргизилген чектөө 1-октябрга чейин күчүндө болорун билдирди.
Чектөө 2026-жылдын 20-майында киргизилген. Абанын температурасы +28 °C жана андан жогору болгон учурда, күн сайын саат 09:00дөн 19:00гө чейин оор жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө жол берилбейт.
Бул чара жолдун асфальт-бетон жабуусун сактоо жана муниципалдык унаа жолдорунун пайдалануу мөөнөтүн узартуу максатында кабыл алынган.
Мэрия айдоочуларды жана транспорттук компанияларды маршруттарды пландаштырууда бул чектөөлөрдү эске алууга чакырат. Унааларды температуралык режимди эсепке алуу менен жогоруда белгиленген убакыттан тышкары айдоо сунушталат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Бишкек, оор жүк ташуучу унаа