Акылбек Жапаров аймактык жетекчилердин ишин сынга алды

Акылбек Жапаров аймактык жетекчилердин ишин сынга алды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик органдардын жетекчилерине кадр потенциалын жогорулатууну тапшырды. Бул тууралуу ал бүгүнкү өкмөттүк жыйында билдирди.

Ал аткаминерлердин ишин сынга алып, натыйжалуу иштөөгө чакырды.

«Иш-чаралар белгиленген мөөнөттүн аягында аткарыла баштайт. Кээде маанисин өзгөртүү менен аткарылган учурлар болот. Мамлекеттик органдарда кесипкөй кадрлар иштеши керек. Кызматкерлерди тандоонун критерийлерин жана кадрлардын потенциалын жакшыртуу зарыл. Башкаруу эрежелерин өзгөрттүк. Талыкпай иштеп жаткан көрүнүш жаратуунун кереги жок, жыйынтык көрсөтүү зарыл», — деди ал.

Министрлер кабинетинин төрагасынын айтымында, облус жетекчилери аймактарды өнүктүрүүгө салым кошо албай жатат.

«Аймактык жетекчилер комфорт зонасына кирип, уйку режимине өтүштү. Биз административдик-аймактык реформаларды жүргүзүп жатабыз. Аймактарды өнүктүрүүгө салым кошпой жатасыңар. Кадрлардын квалификациясын жогорулатуу боюнча эч кандай сунуш жок. Эгер иштей албасаңар, анда реформаны өзүбүз жүргүзөбүз”, — деди А.Жапаров.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>