Туристтер, студенттер: Москвада «Амина» тиркемесин колдонууга тийиш болгон мигранттардын чөйрөсү кеңейтилетБишкектин 10-кичи районунун бир бөлүгүндө суу убактылуу өчүрүлөт9-августка карата өлкөдөгү аба ырайынын божомолуОш шаарында 249 орундуу заманбап Перинаталдык борбор курулуудаБишкекте Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылатОшто жаңы сквер жана сейил бак курулууда
100 миң сомго чейин: Саламаттык сактоо министрлиги дарыгерлердин айлыгы көтөрүлөрүн билдирди
24.11.2025 | 14:26
2026-жылдын апрелинен тарта дарыгерлердин жана саламаттык сактоо тармагындагы башка кызматкерлердин айлыгы 50%га жогорулайт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев «Кабар» агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, мындай чечим каржы системасына болгон чоң жүктөмгө карабастан, мамлекеттик бюджеттин кирешеси өсүп жатканына байланыштуу кабыл алынган.
Учурда медицина кызматкерлеринин орточо айлыгы 23 миң сомдун тегерегинде. Айлык көтөрүлгөндөн кийин бул сумма 35–36 миң сомго жетет. Министр ошондой эле стажы көп адистердин жана региондордо иштеген дарыгерлердин айлыгы 100 миң сомго чейин көбөйүшү мүмкүн экенин белгиледи.
Рубрики: Жаңылыктар, Медицина