12-май: Коронавирус 283 адамдан аныкталып, 8 киши каза болду

12-май: Коронавирус 283 адамдан аныкталып, 8 киши каза болду

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын жаңы 283 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.

Маалыматка ылайык, соңку суткада 4159 кишиден ПЧР тест алынган.

Илдет аныктылгандар:

Бишкек шаарында – 158;
Ош шаарында – 14;
Чүй облусунда – 74;
Ош облусунда – 0;
Талас облусунда – 3;
Нарын облусунда – 10;
Ысык-Көл облусунда – 18;
Жалал-Абад облусунда – 5;
Баткен облусунда – 0.

Ошондой эле инфекция 6 медицина кызматкеринен табылган.

Ал эми COVID-19 жана пневмониядан бир суткада 298 бейтап сакайды. Илдеттен Бишкекте 5, Чүй облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 8 киши каза болду.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери COVID-19 99 миң 316 адамдан аныкталды. Анын ичинен 92 миң 409 бейтап айыгып, 1 миң 675 киши каза болду.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>