11-майга чейин кандай аба ырайы күтүлөт?

11-майга чейин кандай аба ырайы күтүлөт?

Кыргызгидромет кызматы Кыргызстандын аймагында 11-майга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Чүй облусу

6-майда жаан-чачын күтүлбөйт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

7-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

8-майда түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз тоолуу райондордо жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

9-10-майда жана 11-майда түнкүсүн жаан жаабайт.

11-майда күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болуп, кар күткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаары

6-майда жаан-чачын күтүлбөйт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши ыктымал.

7-11-майда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.

Талас облусу

6-майда жаан-чачын күтүлбөйт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

7-майда түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз айрым жерлерде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

8-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

9-10-майда жаан жаабайт. 11-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болуп, кар күткүсү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.

Ош облусу

6-майда жаан-чачын күтүлбөйт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

7-майда түнкүсүн тоолуу райондордо жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

8-майда түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөңдөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, дыйканчылык аймактарда жаан жаабайт.

9-10-майда жаан-чачын күтүлбөйт. 11-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болуп, кар күткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.

Жалал-Абад облусу

6-майда жаан-чачын күтүлбөйт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши ыктымал.

7-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

8-майда түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөңдөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

9-10-майда жана 11-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 11-майда күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болуп, кар күткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.

Баткен облусу

6-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

7-майда айрым жерлерде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

8-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

9-10-майда жана 11-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 11-майда күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болуп, кар күткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.

Ысык-Көл облусу

6-майда жаан-чачын күтүлбөйт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

7-майда жана 8-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

8-майда күндүз тоолуу райондордо жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

9-10-майда жана 11-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 11-майда күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болуп, кар күткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши ыктымал.

Нарын облусу

6-майда жаан-чачын күтүлбөйт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

7-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

8-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

9-10-майда жана 11-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 11-майда күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болуп, кар күткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши ыктымал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>