Бишкекте BTS, Backstreet Boys жана Дженнифер Лопестин концерттери өтүшү мүмкүнСадыр Жапаров Арменияга расмий сапар менен баратОш облусунда зыяндуу чегирткелердин кыштоочу жайлары аныкталуудаМанасчы Мамбет Чокмор уулунун 130 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөтКыргызстанда мотоциклдерди, мопеддерди жана скутерлерди мыйзамдаштыруу пландалуудаЖогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга каттоо башталды
Бишкектеги таштанды полигонунда өрт чыкты: мэрия өрт атайылап коюлушу мүмкүн экенин билдирди
29.09.2026 | 13:19

28-сентябрдын кечинде Бишкек санитардык полигонунун аймагында чыккан Бишкек шаарынын мэриясы өрт боюнча маалымат берип, белгисиз адамдар аймактын төрт тарабына атайылап өрт койгон болушу мүмкүн экенин билдирди.
Маалыматка ылайык, өрт 28-сентябрда саат 20:30да башталып, саат 20:45 чамасында полигондун башка тилкесинде да өрт чыккан. Кызматкерлердин аракети менен өрт 29-сентябрда саат 01:45те толугу менен өчүрүлгөн.
Мэрия бул факт укук коргоо органдары тарабынан каттоого алынганын билдирди. Учурда окуянын жагдайларын жана өрттүн чыгышына тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы маалымдалды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар