Байсалов Жапаровдун кызы университетке эмнеге өтпөй калганын айтты

Байсалов Жапаровдун кызы университетке эмнеге өтпөй калганын айтты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кызын 11 жылдык аттестаты менен чет өлкөдөгү университет окууга кабыл алган жок. Бул тууралуу минкабдын башчысынын орун басары Эдил Байсалов Талас облустук администрациянын коллегиясында билдирди.

Аткаминер мектептерди 12 жылдык билим берүүгө өткөрүү зарылдыгын түшүндүрүп жатып жетекчисинин кызын мисал кылган.

«Дүйнөдөгү университеттер Кыргызстандын аттестатын тааныбайт. Мисалы, бул үй-бүлөлүк сыр болбосо керек. Акылбек Үсөнбековичтин быйыл мектепти бүтүп жаткан кызы чет өлкөлүк университетке документтерин жөнөтсө, аны кабыл албай коюптур. «Кыргызстанда 11 жылдык окуу, андыктан бир жыл даярдоо курсунда окуйсуң» деп баш тартышты. Ошону көрүп билип туруп, анан биздин кээ бир коллегаларыбыз ынанды», — дейт Байсалов.

Минкабдын төрагасынын орун басарынын маалыматында, мектепте билим берүүдө кардиналдуу реформа күтүлөт. Жогорку класстар багыт менен окутулат.

«Мына тажик туугандар дагы башталгыч класста окуучуларга баа койбой калыптыр. Анткени ошо башында 2 койсо, ал бала түбөлүк экичи болот», — дейт Байсалов.

Белгилей кетсек, 12 жылдык билим берүүгө өтүү демилгесин мурдагы билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев көтөрүп чыккан. Аны 2023-жылдан тарта ишке ашыруу пландалган. Бирок ага Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары каршылык билдиришкен. Алар Азия өнүктүрүү банкынын бул жааттагы гранттык долбоорун дагы артка кайтарышкан.

13-мартта бала бакчада жана мектепте билим берүүнү өнүктүрүү боюнча жыйында Садыр Жапаров дагы 12 жылдык билим берүүгө колдоо артты.

Президент мектептерди 12 жылдык билим берүүгө өткөрүүнү колдоду (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>