ИИМ Академиясында Барпы Алыкуловдун 140 жылдыгы белгиленди

ИИМ Академиясында Барпы Алыкуловдун 140 жылдыгы белгиленди

ИИМдин Академиясында акын Барпы Алыкуловдун 140 жылдык мааракеси белгиленди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдиришти.

Иш-чарада акындын чыгармачылыгы, басып өткөн турмуш-таржымалы тууралуу кыргыз адабиятчыларынын катышуусунда кенен талкуу уюштурулду. Аны ачып жатып ИИМдин Академиясынын башчысынын орун басары Нурия Маматазизова Барпы Алыкулов кыргыз эли эле эмес, жалпы түрк элдеринин поэзиясында өз сөзү бар улуу философ акын экенин белгилеген.

«Өзүнүн уникалдуу өнөрү менен белгилүү болгон, дүйнөлүк адабиятта орду кенен замандашыбыздын мааракеси биздин окуу жайда эскерилип жатканы анын көөнөрбөс өнөрүнө болгон урмат-сыйыбыз. Албетте, бүгүн анын таалим-тарбиялык маанидеги чыгармалары тууралуу кызуу талкуулар болору анык. Иш-чара өсүп келе жаткан муунга зор таасирин берип, мекенчилдик сезимин ойготуп, улуттук маданий мурастарыбызга болгон сүйүүсүн курчутат деп ойлойм», — деди ал.

Иш-чарада Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин, Ишеналы Арабаев атындагы окуу жайдын студенттери жана ИИМдин академиясынын курсанттары акындын ырларын көркөм окуду. Ошондой эле  “Мөлмөлүм” ашыктык ырынын коштоосунда бий аткарган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>