12 жылдык билим берүүгө өтүүгө даярбызбы? Депутаттын пикири

12 жылдык билим берүүгө өтүүгө даярбызбы? Депутаттын пикири

Билим берүү мөөнөтүн 12 жылдык кылып өзгөртүүгө эч деле даярдык көрүлгөн жок сыяктуу. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исатбек кызы бүгүн, 19–майда “Парламент” радиосунда билдирди.

Анын айтымында, окуу мөөнөтүн узартуудан мурда мектептерди текши текшерүүдөн өткөрүп, инвентаризация иштерин колго алуу керек. Чатыры урап кеткен Чаткалдагы мектептин абалындай болбошу керек.

Мектеп эле эмес, алардын спортзалдары дагы талаптагыдай болушу керек. Реформалык кадамдарга баруунун алдында жалпы республика боюнча 2236 мектептин абалын карап, инвентаризациялоонун жыйынтыгын министрлик Жогорку Кеңешке маалымдасын, — деген протоколдук тапшырма берилди. Эми анын жообун жакында угабыз”, — деди эл өкүлү.

Ал белгилегендей, 2002–жылы эле мектептеги билим берүү мөөнөтүн 12 жылдык кылып өзгөртүү тууралуу сөз болуп, бирок токтоп калган. Эч деле даярдык көрүлгөн жок сыяктуу.

Ал эми коңшу Казакстан ошол тартипке таянып, 10 жылдан бери 12 жылдык билим берүү системасына өтүү камылгасын көрүп келе жатат. Алардын планы боюнча бул реформа Казакстанда 2023 – жылы ишке ашырылат деп күтүлүүдө. Коңшулардын ушундай аракеттерине салыштырмалуу биз азырынча толук даяр эместейбиз”, — деди А.Исатбек кызы.

Ошондой эле, ал: “Он бир жыл ичинде терең билим ала албаган балдар дагы кошулган бир жыл ичинде кыйналабы же кыйратабы? Андыктан, маселенин күңгөй–тескейин кеңири талкуулоо керек”, — деп кошумчалады.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: окутуу

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>