14 жаштагы кыздын өлүмү: Башкы прокурор ишти көзөмөлүнө алды

14 жаштагы кыздын өлүмү: Башкы прокурор ишти көзөмөлүнө алды

Кадамжайда 14 жаштагы кыздын өлүмү боюнча козголгон кылмыш ишин тергөөнү башкы прокурор Курманкул Зулушев өз көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу ал Кадамжай районунун тургундары менен жолугушууда билдирди.

Курманкул Зулушев бул ишти укук коргоо органдары акыйкат иликтей турганын убадалады.

«14 жаштагы кызды 1998-1997-жылы туулган үч адам өлтүргөн. Бул ишти президент көзөмөлдөйт. Сотто айыпталуучу ырайымсыз кылмышы үчүн эң оор жазаны алышы керек. Кыргыз эли үчүн мындай көрүнүштөр уят болуш керек. Албетте, ар бир ата-эненин милдети – баласына туура тарбия берүү», — деди башкы прокурор.

Эки күн мурун 14 жаштагы кыздын сөөгү Кадамжайда сел өтүүчү тоннелдин ичинен колу артка жип менен байланып, муунтулган абалда табылган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп,  кыздын өлүмүнө шектүү делип Халмион айыл аймагынын 3 тургуну кармалган.

Президент Садыр Жапаров дагы кайрылуу жасап,  14 жаштагы кызды мыкаачылык менен өлтүргөн кылмышкерлер өтө катуу жаза алууга тийиш экенин айтып, ишти жеке көзөмөлүнө алганын билдирген.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Кадамжай

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>